Ливияда 5+5 Биргелешкен аскердик комитетинин жыйыны өттү

Ливияда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жетекчилигинде армия менен өлкөнүн чыгышындагы куралдуу күчтөрдүн лидери Халифа Хафтардын күчтөрүнөн турган 5+5 Биргелешкен аскердик комитеттин жыйыны өттү.

1933050
Ливияда 5+5 Биргелешкен аскердик комитетинин жыйыны өттү

Ливияда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жетекчилигинде армия менен өлкөнүн чыгышындагы куралдуу күчтөрдүн лидери Халифа Хафтардын күчтөрүнөн турган 5+5 Биргелешкен аскердик комитет ок атууну токтотуу менен катар көптөгөн маселелерди талкуулашты.  

Хафтар жетектеген Ливиянын Чыгыш күчтөрүнүн Руханий багыттоо башкармалыгынын башчысы генерал-майор Халид аль-Махжуб, Ливиянын Сирте шаарында Бириккен Аскердик комитеттин БУУнун Ливия боюнча атайын өкүлү Абдулай Батхилинин катышуусунда жыйын өткөргөнүн билдирди.

Билдирмеге караганда, жолугушууда 2020-жылы Швейцариянын Женева шаарында Ливия тараптарынын ортосунда кол коюлган ок атышпоо келишиминин беренелери, ошондой эле эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын келишим боюнча аткарган иштери талкууланды.

Жыйында өлкөдөгү аскердик мекемелерди бир чатырдын астына бириктирүү, чет элдик жана жалданма аскерлерди өлкөдөн чыгаруу маселелери да талкууланды.

5+5 Биргелешкен аскердик комитети эң акыркы жолу 15-июнда Египеттин борбор шаары Каирде жыйын өткөргөн.



Тектеш кабарлар