Израилдин президенти Герцог: «Биз терең кризистебиз»

Ицхак Герцог өкмөттүн сот бийлигинин айрым ыйгарым укуктарын парламентке өткөрүп берүү кадамдарына каршы так позицияны карманбаганы тууралуу сындарга байланыштуу билдирүү жасады.

1933008
Израилдин президенти Герцог: «Биз терең кризистебиз»

Израилдин президенти Ицхак Герцог анын өлкөсү терең жаңжалда экенин жана «коомдун мындан ары бытыранды болушуна жана конституциялык кризиске жол бербөө үчүн» иштеп жатканын билдирди.

Ицхак Герцог өкмөттүн сот бийлигинин айрым ыйгарым укуктарын парламентке өткөрүп берүү кадамдарына каршы так позицияны карманбаганы тууралуу сындарга байланыштуу билдирүү жасады.

Герцог өзүнүн Twitter баракчасына жарыялаган видеосунда коомчулукка кайрылып: «Биз өлкөнү ыдыраткан терең жаңжалдабыз. Бул поляризация мени жана Израилдеги жана чет өлкөлөрдөгү адамдардын көбүн тынчсыздандырат. Мен мага карата айтылган сындарды сыйлайм, бирок мен азыр эки маанилүү жагдайга басым жасап жатам. Тарыхый конституциялык кризис жана коомдун андан ары бытыранды болушуна жол бербөө»,-деп айтты.

Биньямин Нетаньяху жетектеген коалициялык өкмөттүн сот бийлигинин айрым ыйгарым укуктарын парламентке өткөрүп берүү кадамдары өкмөт менен сот бийлигинин, өзгөчө Жогорку Соттун ортосунда тирешүүлөрдү жаратууда.

Юстиция министри Ярин Левин 5-январда Жогорку cоттун ыйгарым укуктарын чектеген, соттордун судьяларды тандоодогу таасирин азайткан жана парламенттин сот чечимдерин жокко чыгаруусуна жол ачкан мыйзамды пландап жатышканын билдирген.



Тектеш кабарлар