Иранда мурдагы коргоо минстринин орун басары өлүм жазасына кесилди

Ирандын сот бийлигине караштуу Мизан маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Акбари бир топ мурда Британиянын атынан тыңчылык кылганы үчүн кармалып, түрмөгө камалган.

1931719
Иранда мурдагы коргоо минстринин орун басары өлүм жазасына кесилди

Иранда Коргоо министринин мурдагы орун басары Али Реза Акбари Британиянын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен өлүм жазасына кесилди.

Ирандын сот бийлигине караштуу Мизан маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Акбари бир топ мурда Британиянын атынан тыңчылык кылганы үчүн кармалып, түрмөгө камалган.

Бул процессте доо коюлуп, «тыңчылык» деген айып менен соттолгон Акбари сот тарабынан өлүм жазасына кесилди.

Чечим, айыпталуучунун чечимге каршы даттануусунан кийин барган Жогорку Сотто да жактырылды.

Бир тараптан Чалгындоо министрлиги Акбаринин өлкөнүн сезимтал жана стратегиялык борборлорунун маалыматтарын Улуу Британиянын «MI6» деп аталган жашыруун чалгын кызматына (SIS) өткөрүп бергени аныкталганын жарыялады.

Билдирүүдө Али Реза Акбари «Ирандын стратегиялык мекемелери тууралуу маанилүү маалыматтарды чогулткан жана топтогон маалыматтарды толук билип туруп Британиянын чалгындоосуна көп жолу сунуш кылган Жашыруун чалгын кызматынын эң маанилүү тыңчыларынын бири» деп мүнөздөлгөн.

Али Рыза Акбари 1997-2005-жылдар аралыгында кызмат кылган президент Мохаммад Хатаминин тушунда Коргоо министринин орун басары болгон.

Кош ирандык-британиялык жарандыгы бар делген Акбаринин качан кармалганы тууралуу маалымат жок болсо да, өлкөнүн маалымат каражаттары бул датаны «2019-2020-жылдар арасы» деп жарыялашты.



Тектеш кабарлар