Эстониянын Орусиядан талабы

Эстониянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

1931368
Эстониянын Орусиядан талабы

Эстония Орусиядан 1-февралга чейин өлкөдөгү дипломатиялык кызматкерлердин санын 8ге чейин кыскартууну талап кылды.

Эстониянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, аталган чечимдин негизинде эки өлкөдө бирдей сандагы элчилик кызматкерлеринин болушун камсыз кылуу максатталганы белгиленди.

Эстония Орусиядан дипломатиялык кызматкерлердин санынын 1-февралга чейин эң көп 8, техникалык жана административдик кызмат персоналынын санынын эң көп 15 болушун талап кылды.

Чечимге баа берген Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Реинсалу Украинадагы согушка токтолуп, Орус элчилигинин Эстония-Орусия карым-катнаштарын колдобогонун, ошондуктан элчиликтин азыркы абалында иштешине эч кандай себеп жок экенин айтты.



Тектеш кабарлар