Илон Маск жоготкон байлыгы менен Гиннес рекорддор китебине кирди
Айрым булактарга караганда 2021 - жылдан бери 200 миллиард долларга жакын жоготкон Маск Гиннес тарабынан «тарыхтагы жеке байлыгын эң көп жоготкон адам» деп жарыяланды.
Дүйнөнүн эң бай ишкерлеринен Илон Маск жоготкон байлыгы менен Гиннес рекорддор китебине кирди.
Кезинде дүйнөнүн эң бай адамы болгон Илон Маск бул жолу кыска убакытта жоготкон байлыгы менен рекорд жаңыртты.
Айрым булактарга караганда 2021 - жылдан бери 200 миллиард долларга жакын жоготкон Маск Гиннес тарабынан «тарыхтагы жеке байлыгын эң көп жоготкон адам» деп жарыяланды.
Мындан мурдагы рекорд 2000 - жылы 58 миллиард доллар болгон. Болжолдорго караганда Масктын байлыгы 2021 - жылдын ноябрь айында 340 миллиард долларга жеткен.
Бирок Тесланын акциялары өткөн жылы кескин төмөндөп, орточо эсеп менен 65 пайызды түзгөн. Бул төмөндөө Маск октябрда Twitterди сатып алгандан кийин тездеди.
Илон Маск бул абалдардан улам дүйнөнүн эң бай адамы наамын да жоготту. Акыркы божомолдорго караганда азыркы учурда Масктын байлыгы 144 миллиард долларга жакын.