Афинанын иммигранттарга каршы ыпылас кадамдары...

Грециянын жарандарды коргоо министри Такис ​​Теодорикакос Греция полициясы тарабынан 256 миң мыйзамсыз өтүүгө бөгөт коюлганын айткан Греция жана Европанын Түркия менен чек араларына тосмо куруу чечиминин чыгарылганын билдирди.

1929502
Афинанын иммигранттарга каршы ыпылас кадамдары...

Грецияда башпаанек издегендер менен иммигранттарга жол бербөө үчүн Еврос дарыясынын жээгине 140 километрлик темир тосмо курулат.

Грециянын жарандарды коргоо министри Такис ​​Теодорикакос Греция полициясы тарабынан 256 миң мыйзамсыз өтүүгө бөгөт коюлганын айткан Греция жана Европанын Түркия менен чек араларына тосмо куруу чечиминин Жарандарды коргоо министрлигинин жоопкерчилигинде болгонун билдирди.

Теодорикакос тосмону куруу боюнча тиешелүү министрликтер менен иш башталганын билдирди.

2022-жылдын декабрында Греция Түркиянын чек арасындагы Еврос (Эрик) чөлкөмүндө патрулдук жана көзөмөл чараларын күчөтүү үчүн 250 чек ара полициясын жайгаштырары жарыяланган.

2022-жылдын 29-декабрында Грециянын жээк коопсуздук кайыгынын Эгей деңизиндеги Түркиянын аймактык сууларына мыйзамсыз мигранттарды түртүп жаткан учуру учкучсуз учуучу аппарат (УУA) тарабынан аныкталган.

Бул тууралуу Улуттук Коргоо министрлиги социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүүсүндө,

«2022-жылдын 29-декабрында Эгей деңизиндеги Чешме шаарынын түштүк-батышында, деңиз флотубуздун учкучсуз учуучу аппараты тарабынан Грециянын жээк коопсуздук кайыгы менен Түркиянын жээгинен 3,62 миль алыстыкта ​​мыйзамсыз мигранттардын территориялык сууларга сүрүлгөнү аныкталган»,деген түшүндүрмө берилди.

Деңиз күчтөрүнө таандык учкучсуз учуучу аппаарат тарабынан аныкталган бул окуя дароо Жээк коопсуздук командирлигине билдирилип, мыйзамсыз мигранттардын куткарылышы камсыз кылынды.

Грециянын көчмөндөрдү Эгей деңизиндеги түрк кургактык сууларына кайра түртүшү жана кээ бир окуяларда адамдардын каза болушу да эл аралык басма сөздө кеңири талкууга алынып, реакция жаратты.

Le Monde, Lighthouse Reports, Der Spiegel, ARD, The Guardian сыяктуу уюмдардын иштеринде артка түртүүлөр далилдер менен берилген.

Грек бийликтери болсо эл аралык укук коргоо уюмдарынын, эл аралык басма сөздүн, саясатчылардын жана көптөгөн мекемелердин артка түртүүлөргө байланыштуу дооматтарын ар дайым четке кагып келет.



Тектеш кабарлар