Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму коронавирус коркунучунун уланып жатканы боюнча эскертти

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус коркунучунун уланып жатканы боюнча эскертти.

1928481
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму коронавирус коркунучунун уланып жатканы боюнча эскертти

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус коркунучунун уланып жатканы боюнча эскертти.

Уюмдун Женевадагы баш кеңсесинде өткөрүлгөн пресс - конференцияда Гебрейесус дүйнөнүн эпидемия башталган жылга салыштырмалуу клиникалык жардамды башкаруу, вакциналар жана дарылоо жагынан дагы жакшы абалда экенин белгиледи.

Өткөн жылдын көпчүлүк бөлүгүндө Ковид -19 учурларынын азайганын эске салган Гебрейесус  айрым маселелерге  карабастан дүйнө жүзү боюнча эмдөөнүн көбөйгөнүн айтты.

Гебрейесус алдыга жылууларга карабастан Ковид - 19 коркунучунун уланып жатканын баса белгилеп : «Дарылоо, тест жана вакцинага жетүүдө азыр да чоң теңсиздиктер бар. Ушундайча Ковид  - 19 жалпысынан саламаттыгыбыз, экономикаларыбыз жана коомдорубуз үчүн коркунучтуу вирус болууну улантууда. Белгилүү болгондой  жума сайын  10 миңге жакын киши Ковид  - 19дан каза болууда. Чыныгы балланс балким мындан да көп болушу мүмкүн»,- деди.

Гебрейесус акыркы жумаларда  өзгөчө грипп жана дем алуу органдарынын оорулары кенен жайылган Түндүк жарым шардын мелүүн аймактарында ооруканага жатуу жана саламаттыкты сактоо системаларынын кысым астында экендигине карата отчеттордун көбйөгөндүгүнө токтолду.

Гебрейесус ооруканага жатуу, катуу ооруу жана өлүмдөрдү алдын алуу үчүн эскертүүчү вакцина жана дозалардын маанисин кайталады.

Гебрейесус Кытайдагы бейтаптардын көп экендигин жана кенен кенен түрдө маалыматтрадын өздөрүнө келбегендигин айтып : «Бул маалыматтар ДССУ жана дүйнө үчүн абдан пайдалуу. Бардык өлкөлөрдү бул маалыматтрады бөлүшүүгө чакырабыз. Маалыматта ДССУнун учурдагы абалга байланыштуу ишеничтүү жана ылдам баа берүүсү үчүн керек болууну улантат»,- деди.

Гебрейесус Кытайдан башка биринчи жолу 2022 -  жылы ноябрь айында аныкталган Омикрондун субварианты XBB.1.5тин (BA.2 субвариантынын эки вариантынынбиригүүсү менен) АКШ жана Европада көбөйүп бара жаткандыгына жана ащыркы учурда кеминде 25 өлкөдө аныкталганлдыгын билдирди.



Тектеш кабарлар