Британиянын The Guardian гезити ханзаада Гарринин китебинен үзүндүлөрдү жарыялады

The Guardian гезити ханзаада Гарринин 10 - январда чыгышы күтүлүп жаткан "Spare"  китебинен үзүндүлөрдү  жарыялады.

1928705
Британиянын The Guardian гезити ханзаада Гарринин китебинен үзүндүлөрдү жарыялады

 Британ королдук үй - бүлөсүн таштап, Америка Кошмо Штаттарына жайгашкан Сассекск герцогу ханзаада Гарри агасы Уэльс ханзаадасы Уильямдын өзүнө кол көтөргөндүгүн  баяндаган.

Британиянын The Guardian гезити ханзаада Гарринин 10 - январда чыгышы күтүлүп жаткан "Spare"  китебинен үзүндүлөрдү  жарыялады.

Гарри китепте Меган Марклга үйлөнгөндүктөн мамилеси начарлаган улуу агасы Уэльс ханзаадасы Уильямдын кол көтөргөндүгүн  айткан. Гарри бул тууралуу : "Уильям менин жакаман кармап, чынжырымды жулуп алып, мени жерге жыкты",- деп айткан.

Принц Гарри жакында эле үй-бүлөсү менен элдешкиси келгенин билдирген болчу.

Британ басма сөзүнүн айтымында, Гарринин мүмкүнчүлүгү жок.

Принц Гарринин көптөн күткөн “Spare” аттуу китеби  10 - январда  чыгат.

 



Тектеш кабарлар