Amazon команиясы 18 миңден ашык кызматкерин жумуштан бошотот

Ноябрда компания массалык кыскартууларды баштаарын жарыялаган.

1928361
Amazon команиясы 18 миңден ашык кызматкерин жумуштан бошотот

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) электрондук соода компаниясы Amazon, 18 миңден ашык кызматкерин жумуштан бошоторун жарыялады.

Amazon компаниясынын башкы жетекчиси (CEO) Энди Жасси бул тема боюнча жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Биз 2022-жылдын ноябрында жана бүгүн жарыялаган сандарга ылайык 18000ден ашык жумуш ордун кыскартууну пландап жатабыз» деди.

Кээ бир бөлүмдөрдүн кыскартуулардан жабыркай турганын белгилеген Жасси, жумуштан бошотулгандарга компенсация жана убактылуу ден соолук камсыздандыруу акысын төлөө сыяктуу бир аз колдоолор болоорун белгиледи.

Ноябрда компания массалык кыскартууларды баштаарын жарыялаган.

2022-жылдын сентябрындагы маалыматтарга ылайык, Amazon компаниясынын 1,5 миллион кызматкери бар.



Тектеш кабарлар