АКШда кара куурай камтыган азыктарды колдонгон балдардын санында өсүү

Америка Кошмо Штаттарында 2017 – 2021 – жылдары балдардын «кара куурай камтыган азыктарды» колдонуу катнашы 15 эсеге өскөндүгү аныкталды.

1928397
АКШда кара куурай  камтыган азыктарды колдонгон балдардын санында өсүү

 Америка Кошмо Штаттарында 2017 – 2021 – жылдары балдардын «кара куурай камтылган азыктарды» колдонуу катнашы 15 эсеге өскөндүгү аныкталды.

NPRдин отчетуна ылайык, эксперттер кара куурай көпчүлүк штаттарда мыйзамдуу болгондон кийин балдардын бул затты керектөөсүн текшерип чыгышты.

Изилдөөдө 2017 - жылы 5 жаштан төмөн 200гө жакын баланын кара куурай камыган  азыктарды жегени, 2021 - жылы бул сан 3 миң 50гө жеткени аныкталды.

Эксперттер кара куурайдын печенье, момпосуй, шоколад сыяктуу тамак - аштарда жана балдарды кызыктырган тамак - аш азыктарында бар экендигине көңүл бурду.

2017 – 2021 - жылдары тамак - аш аркылуу кара куурай жегени аныкталган балдардын саны болжол менен 7 миңге жеткени, бул керектөөлөрдүн  өлүмгө алып келбегендиги, бирок балдардын 8 пайызынын реанимацияга алынгандыгы билдирилди.

Кара куурайдан улам ооруган балдарда кусуу, жүрөктүн ылдам согушу, депрессия жана кома сыяктуу белгилердин байкалгандыгы маалымдалды.

Курамында кара куурай болгон азыктардын 90 пайызынын үй шарттарында даярдалган деген тыянак чыгарган эксперттер бул азыктардын балдардан алыс сакталышы керектигин сунуш кылды.

Изилдөө иштери башталган 2017 -  жылы АКШнын 9 штатында кара куурай колдонуу мыйзамдуу болгон болсо, 2020 – жылдын май айынан бери бул сан 18ге жогорулады. Изилдөөнүн жыйынтыктары "The Journal of Pediatrics" журналында жарыяланды.

 



Тектеш кабарлар