Кудста христиан көрүстөнү талкаланды

Еврей отурукташуучулар тарыхый мүрзөлөрдөгү мрамор крест символдорду талкалап, иконаларды бузуп, айланасына урандыларды ыргытышкан.

1928030
Кудста христиан көрүстөнү талкаланды

Оккупациядагы Чыгыш Кудста бир группа еврей отурукташуучу христиандарга таандык көрүстөнгө кол салып, мүрзөлөргө зыян келтиришти.

Жаңы жылдык эс алуу болгон 1 -  январь жекшемби күнү Чыгыш Кудста Сион дөңсөөсүндөгү протестанттык көрүстөнгө жашыруун кирген кирген еврей отурукташуучулар  отуздан ашык мүрзөнү талкалашкан.

Еврей отурукташуучулар тарыхый мүрзөлөрдөгү мрамор крест символдорду талкалап, иконаларды бузуп, айланасына урандыларды ыргытышкан.

Кудс башкы эпископ Хусам Наум өрүстөндө журналисттерге маалымат берип, мындай вандализм окуяларынын кайталанбашы үчүн керектүү кадамдарды таштай тургандарын баса белгиледи.

Башкы эпископ еврей отурукташуучулар тарабынан мындай кол салуулардын көп жолу болгондугун айтты.

Израил полициясынын билдирүүсүндө окуяга байланыштуу иликтөөнүн башталганы белгиленди.

Сион дөбөсүндөгү көрүстөн 1848 - жылы Осмон доорунда протестант христиандарына бөлүнгөн.

 

 



Тектеш кабарлар