Данияда куш тумоосу
Эпидемияны алдын алуу үчүн 50 миң тооктун жок кылынары кабарланды.
1927126
Даниядагы фермада куш тумоосунун вирусу (H5N8) аныкталгандан кийин 50 миң тоок жок кылынат.
Азык-түлүк жана көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан жарыяланган билдирүүдө, Орум шаарындагы бир чарбада куш тумоосу вирусунун табылганы белгиленди.
Билдирүүдө, эпидемияны алдын алуу үчүн чарбадагы 50 миң тооктун жок кылынары кабарланды.
Рождествонун алдында Лолланд аралында куш тумоосунан улам 36 миң үндүктүн жок кылынганы маалымдалган.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.