Тунистеги өзгөчө кырдаал бир айга узартылды

Тунисте өзгөчө кырдаалды акыркы жолу президент Кайс Саид 2022 - жылдын 18 - февралында жылдын аягына чейин узарткан.

1925978
Тунистеги өзгөчө кырдаал бир айга узартылды

Тунисте 2015 - жылдагы террордук кол салуулардан кийин жарыяланган өзгөчө кырдаал   2023 - жылдын 30 - январына чейин узартылганы маалымдалды.

Расмий гезитте жарыяланган президенттин жарлыгына ылайык, 31 - декабрда аяктай турган өзгөчө кырдаал  2023 - жылдын 30 - январына чейин узартылды.

Тунисте өзгөчө кырдаал акыркы жолу президент Кайс Саид  тарабынан 2022 - жылдын 18 - февралында жылдын аягына чейин узартылган.

2015 - жылдын 24 - ноябрында борбор шаар Тунистин Мухаммед Хамис көчөсүндөгү Президенттик гвардия полкун бутага алган бомбалуу кол салуудан кийин өлкөдө жарыяланган бир айлык өзгөчө кырдаал  кийинки мезгилдерде да бир нече жолу узартылышына чечим чыгарылган.

Муну менен бирге  Ички иштер министрлигине жана коопсуздук бөлүмдөрүнө “соттун уруксатысыз жолугушууларга тыюу салуу, коменданттык саат, тинтүү жүргүзүү жана басма сөздү көзөмөлдөө” сыяктуу өзгөчө ыйгарым укуктар берилген.



Тектеш кабарлар