Песков Москвада журналисттерге билдирүү жасады

Песков: "Украинадан Беларуска С-300 абадан коргонуу системасына таандык ракета бөлүктөрүнүн түшүүсү тынчсыздандыруучу"

1925916
Песков Москвада журналисттерге билдирүү жасады

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Украинадан Беларуска С-300 абадан коргонуу системасына таандык ракета бөлүктөрүнүн түшүүсүнүн тынчсыздандыруучу экенин айтты.

Песков, борбор калаа Москвада журналисттерге, Беларустун аймагына Украинага таандык экени айтылган S-300 системасынын ракета бөлүктөрүнүн түшкөнүнө байланыштуу билдирүү жасады.

Орусия менен Беларустун аскерий жетекчилеринин тынымсыз байланышта экенин жана маалымат бөлүшүп жатканын белгилеген Песков: «Кандай болгон күндө да бул бизди гана эмес, белорустук өнөктөштөрүбүздү да өтө тынчсыздандырган окуя»,- деди.

Песков Беларустун окуяга катуу каршы чыкканына көңүл бурду.

Беларустун Коргоо министрлиги, Украинадан S-300 абадан коргонуу ракеталык системасынан учурулган ракетанын Беларустун абадан коргонуу системалары тарабынан атылганын, ракета сыныктарынын Брест шаарынын Иваново районундагы Горбаха айылына жакын жердеги талаага түшкөнүн билдирген.

Беларустун Тышкы иштер министрлиги да Украинанын Минсктеги элчиси Игорь Кизимдин министрликке чакыртылып, Украинанын жерлеринен Беларустун аймагына С-300 системасынан ракеталардын учурулушуна катуу каршылык көрсөтүлгөнүн кабарлаган.

Окуяда адам өлүмү катталбаганы айтылган.



Тектеш кабарлар