Греция С -3000дөрдү үчүнчү өлкөгө өткөрүп бере албайт

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Грециянын Россиянын уруксаты болбостон С  - 300дөрдү башка бир өлкөгө өткөрүп берүү укугунун жок экендигин айтты.

1925163
Греция С  -3000дөрдү үчүнчү өлкөгө өткөрүп бере албайт

 Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Грециянын Россиянын уруксаты болбостон С  - 300дөрдү башка бир өлкөгө өткөрүп берүү укугунун жок экендигин айтты.

Россиянын  мамлекеттик телеканалы Первый каналында күн тартибиндеги темаларга баа берген Лавров Грециянын Украинага С-300 абадан коргонуу системаларын камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө да токтолду.

Бул системалардын оболу Түштүк Кипрге жайгаштырылышы пландалгандыгын жана акырында Грецияга тапшырылгандыгын эске салган Лавров буларды айтты : «Элчибизге Грециянын Тышкы иштер министрлиги менен Коргоо министрлигине кайрылып, бул системалардын Грецияга тапшырылгандыгын эскертүүсүн тапшырдык.  Келишим боюнча биздин уруксатыбыз болбостон  Грециянын эч кимге бул систпмаларды өткөрүп берүү акысы жок. Муну грециялыктарга эскерттик. Алар бизге берген убадаларына көңүл буруп жатышкандарын айтышты».

АКШнын Украинага Патриот системаларын өткөрүү чечимине да баа берген Лавров буларды айтты : «Америкалыктардан элчилигибиз аркылуу колдонулушу кыйын болгон Патриот системаларын өткөрүп берүү чечиминин америкалык адистердин ал жерде (Украинада) болот деген мааниге келип же келбей тургандыгын сурадык. Бизге  кенен жана жетиштүү жооп берилди жана мунун пландалгандыгы, анткени америкалыктардын Россия менен түздөн түз согушууну каалабагандыгы, Патриот системаларынын Украина армиясы бул технологияны түшүнгөнгө чейин бир канча айдын ичинде ишке кирери айтылды».

Россия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө да токтолгон Лавров Украина менен сүйлөшүүгө даяр экендиктерин айтып : «Бирок АКШ буга жол бербейт»,-деди.

Дипломатиялык келишимдерге жетишүү сунуштарын четке какпагандарын билдирген Сергей Лавров Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье аймактарынын Россияга тиешелүү экендиги кабыл алынса бул келишимдердин ишке ашарын баса белгиледи.

Лавров Украинанын айланасындагы кырдаалды тез арада жөнгө салууну каалагандарын кошумчалады.



Тектеш кабарлар