Мелониден Зеленскийге чакыруу...

Премьер-министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Мелонинин саясий, аскердик, экономикалык, гуманитардык темаларда жана Украинанын келечектеги кайра курулушунда Италия өкмөтүнүн Киевге толук колдоосун кайталаганы белгиленди.

1924695
Мелониден Зеленскийге чакыруу...

Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони Украинанын президенти Владимир Зеленскийди Римге чакырып, Киевге баруу ниетин ырастады.

Премьер-министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Мелонинин саясий, аскердик, экономикалык, гуманитардык темаларда жана Украинанын келечектеги кайра курулушунда Италия өкмөтүнүн Киевге толук колдоосун кайталаганы белгиленди.

Мелони ошондой эле украин эли үчүн адилеттүү тынчтыкка жетишүү үчүн бардык пайдалуу аракеттерге Италиянын максималдуу берилгендигин дагы бир жолу ырастаганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Премьер-министр Киевге баруу ниетин тастыктап, президент Зеленскийди Римге келүүгө чакырды»,-деп айтты.

Украинанын президенти Зеленский да Твиттердеги баракчасында Италиянын Украинага кошумча 10 миллион евролук жардам көрсөткөнү үчүн Мелониге ыраазычылык билдиргенин жана аны жогору баалаганын билдирди.

Зеленский Мелони менен абадан коргонуу системалары жана Украинанын тынчтык формуласы боюнча сүйлөшкөндөрүн жазды.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар