Ирандагы митингде каза болгондордун саны көбөйдү

Баш кеңсеси Норвегияда жайгашкан Иран адам укуктары уюму (IHR) Иранда болгон митингдерде  каза болгондордун саны 476га жеткенин жарыялады.

1924526
Ирандагы митингде каза болгондордун саны көбөйдү

 

Иран адам укуктары уюмуна таандык интернет сайтында жарыяланган отчетто каза болгон митингчилерден 34нүн аял, 64нүн 18 жаштан кичүүлөр экендиги белгиленди.

Өлкөдөгү 31 аймактан 25шине байланыштуу маалыматтар орун алган отчетко караганда суннилер көп жашаган Систан  -  Белужистан аймагында эң көп курмандык болгон.

Отчетто Систан-Белужистанда 130, Күрдистанда 53, Батыш Азербайжанда 55, Тегеранда 52, Мазандаранда 38, Гиланда 26, Керманшахта 25, Эльборздо 23, Исфаханда 14, Фарста 11, Хузестанда 11 , Разави Хорасанда 7, Чыгыш Азербайжанда 4, Лористан, Занжан, Меркез, Казвин жана Хамаданда үчтөн, Кохгилуйе - Буйер Ахмед, Ардебил, Илам, Бушер жана Хормузганда экиден,  Симнан жана Гулистанда бирден митингчинин каза болгондугу белгиленди.

Өлүм жазасына тартылган Мухсин Шикаринин 75 күн өткөндөн кийин 8 - декабрда, Межидрыза Рахневерддин жазасы камакка алынгандан 23 күндөн кийин 12 -  декабрда аткарылды. Отчетто кеминде 100 кишинин өлүм жазасы же абак жазасын алуу коркунучу менен бетме  - бет экендиги белгиленип, учурда өлүм жазасын алгандардын да бар экендиги эске салынды.

13 - сентябрда Тегеранда "адеп-ахлак полициясы" деп аталган Иршад күзөтчүлөрү тарабынан кармалгандан кийин ооруп, ооруканага жеткирилген 22 жаштагы Махса Эмининин 16 - сентябрда каза болушу өлкө башкаруусуна каршы нааразылык акцияларын жол ачты.

Ирандын Коопсуздук кеңеши 3  -декабрда каза болгондордун жалпы саны 200дөн ашканын жарыялады.

Иран бийликтери өлтүрүлгөн адамдарды коопсуздук күчтөрү эмес, “чагымчылдардын” өлтүргөндүгүн жакташууда.  



Тектеш кабарлар