АКШдагы тарыхый дүкөндү муз каптап калды

Висконсин штатындагы Мичиган көлүнүн жээгиндеги Гиллс-Рок шаарында кар бороонунан кийин жашоо токтоп калды.

1924901
АКШдагы тарыхый дүкөндү муз каптап калды

АКШда катуу бороондон улам каза болгондордун саны 65ке жетти.

АКШнын көптөгөн бөлүгүндө жашоого терс таасирин тийгизген кар бороону уланууда.

АКШ медиасында орун алган кабарларга караганда, суук аба толкунунан улам каза болгондордун саны 65ке жетип, алардын 34ү Нью-Йорк штатында катталды.

Висконсин штатындагы Мичиган көлүнүн жээгиндеги Гиллс-Рок шаарында кар бороонунан кийин жашоо токтоп калды.

Жээк пристаны жана белектер дүкөнү толугу менен тоңуп калды. 100 жылдык экени айтылган имараттын сырты толугу менен муз каптаганы байкалды.

АКШ менен Канаданын чек арасында жайгашкан Ниагара шаркыратмасы да жарым-жартылай тоңуп калды.

Акыркы 40 жылдын эң ызгардуу кар бороону менен күрөшүп жаткан АКШда дем алыш күндөрү өлкөнүн чоң бөлүгүндө жүз миңдеген үй жана жумуш орундары жарыксыз калып, миңдеген каттамдар токтотулду.

АКШнын Океандык жана атмосфералык изилдөөлөр боюнча улуттук башкармалыгы (NOAA) бороон-чапкын менен суукту “муунда бир жолу болуучу” деп мүнөздөдү.

Өлкө боюнча жагымсыз аба ырайы өкүм сүрүп турганда АКШнын президенти Жо Байден үй-бүлөсү менен бир жумага эс алууга кетти.

Байдендин Кариб аралына эс алуусу өзгөчө консерваторлор тарабынан катуу сынга алынды.



Тектеш кабарлар