ПКК/ЙПГ дагы бир кызды уурдап кетти

ПКК/ЙПГ бир нече жылдан бери дүйнөнүн көз алдында бул кылмышты жасап келет.

1922967
ПКК/ЙПГ дагы бир кызды уурдап кетти

Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ балдарды бутага алууда...

Сирияда жарандарга карата укук бузууларды документтештирген Сирия адам укуктары тармагы, террордук уюм ПКК/ЙПГнын Халебде дагы бир кызды уурдап кеткенин билдирди.

Террордук уюм 14 жаштагы кызды куралдуу курамына кошуу үчүн үй-бүлөсүнөн ажыратканы белгиленди.

ПКК/ЙПГ бир нече жылдан бери дүйнөнүн көз алдында бул кылмышты жасап келет.

Уюм декабрь айында да Тел-Рифат менен Манбижде 15 жаштагы эки баланы уурдап кеткен.

Террордук уюм жаштарды жана балдарды машыктыруу жана террордук иштерде колдонуу үчүн лагерлерге алып барууда.

Уюмдун балдарга карата жасаган кылмыштары көп учурда эл аралык уюмдардын отчетторуна да чагылууда.

БУУнун «Балдар жана куралдуу кагылышуулар» боюнча 2021-жылкы отчетуна караганда террордук уюм ПКК/ЙПГ өткөн жылы 221 баланы уурдап кетип, 18 баланы өлтүргөн.



Тектеш кабарлар