Кирби: «Түндүк Корея Вагнерге курал сатууда»

Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыш координатору Жон Кирби борбор калаа Вашингтондо журналисттерге маалымат берди.

1922918
Кирби: «Түндүк Корея Вагнерге курал сатууда»

Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыш координатору Жон Кирби, Түндүк Кореянын Украинадагы согушта колдонуу үчүн орус жалданма компаниясы Вагнерге курал сатканын айтты.

Жон Кирби борбор калаа Вашингтондо журналисттерге берген маалыматында: «Вагнер Орусиянын Украинадагы аскерий операцияларына колдоо көрсөтүү үчүн дүйнө жүзү боюнча курал жеткирүүчүлөрдү издеп жатат. Өткөн айда Түндүк Корея Вагнердин колдонуусу үчүн Орусияга жөө аскерлердин гранатамеддорун жана ракеталарын жеткирген»,-деди.

Вагнердин Украинада айына 100 миллион доллардан ашык акча коротконуна көңүл бурган Кирби: «Түндүк Кореянын аскерий жабдуулар үчүн акча төлөгөн Вагнерге биринчи курал-жарак жеткирүүсүн бүтүргөнүн тастыктай алабыз»,-деп айтты.

Кирби:«Вагнерге жеткирилген жүктүн көлөмү Украинадагы согуштун динамикасын өзгөртпөйт деп баалайбыз. Бирок биз Түндүк Кореянын көбүрөөк аскерий техника сатууну пландап жатканы албетте тынчсызданып жатабыз», - деди.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Түндүк Кореянын Орусия менен эч качан болбогон «курал соодасы» боюнча принципиалдуу позициясынын өзгөрбөгөндүгү белгиленди.

Орус президенти Владимир Путинге жакындыгы менен таанылган жана Вагнердин башчысы орусиялык ишкер Евгений Пригожин да Кирбинин айткандарын «ушак жана спекуляция» деп мүнөздөдү.



Тектеш кабарлар