Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Кытайда көбөйгөн коронавирус бейтаптарынан тынчсызданууда

Гебрейесус Кытай өкмөтүн маалыматтарды бөлүшүүгө жана учурдагы кырдаалга ар тараптуу баа берүү үчүн иштер боюнча изилдөөнү улантууга чакырды.

1922412
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Кытайда көбөйгөн коронавирус бейтаптарынан тынчсызданууда

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Кытайда акыркы айларда көбөйгөн коронавирус бейтаптарынан тынчсызданып жаткандарын айтты.

Уюмдун Швейцариядагы Женева борборунда 2022 -  жылдын акыркы пресс  - жыйынында сөз сүйлөгөн Гебрейесус Кытайда акыркы айларда кайрадан көбөйгөн  коронавирус бейтаптары тууралуу : «Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму катары бул ооруга байланыштуу көбөйгөн бейтаптардан тынчсыздануудабыз»,- деди.

Гебрейесус Кытай өкмөтүн маалыматтарды бөлүшүүгө жана учурдагы кырдаалга ар тараптуу баа берүү үчүн иштер боюнча изилдөөнү улантууга чакырды.

Америка Кошмо Штаттарында  негизделген эсептөөлөр боюнча, 2023 - жылы Кытайда коронавирустун кесепетинен 1 миллиондон ашык адамдын каза болушу мүмкүн экендигин белгилөөдө.

Кытай өткөн жумаларда чыгарган чечим менен эпидемия саясатын өзгөрткөн.

Бейтапсыз саясатын жойгон Пекин башкаруусу карантин жана жабуу чараларын да токтоткон болчу.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар