Россия Европа Биримдигинин 9 - санкция пакетине каршылык көрсөттү

Мария Захарова өлкөсүнө каршы жаңы санкциялар пакетинин Европа Биримдиги  ичиндеги социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдүн көбөйүшүнө себеп болорун билдирди.

1920220
Россия Европа Биримдигинин 9 -  санкция пакетине каршылык көрсөттү

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова өлкөсүнө каршы жаңы санкциялар пакетинин Европа Биримдиги  ичиндеги социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдүн көбөйүшүнө себеп болорун билдирди.

Захарова жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Европа Биримдигинин Россияга каршы 9 - санкция пакетин кабыл алганына каршылык көрсөттү.

Пакеттин мыйзамсыз бир тараптуу чектөө чараларынан турганын белгилеген Захарова : «Европа Биримдигинин  лидерлери чектөөлөр циклинен чыга алышпайт жана Россияга каршы бардык санкциялар жана кысым саясаттары пайдасыз экенин кабыл алышпайт. Учурдагы пакет Европа Биримдигинин өзүндөгү социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү курчутуп, мурункулардай эле эффект берет»,- деди. 

Брюсселдин «ойлонбостон таштаган кадамдарынан» улам Европа Биримдигинин жарандарынын ансыз да энергетикалык  үзгүлтүк жана «санкция инфляциясына» туш болгонун белгилеген Захарова Европа өнөр жайынын коркунуч алдында турганын айтты.

Россияга каршы саясаттын Европа Биримдиги үчүн оор кесепеттери АКШнын да жардамы менен күчөй турганын белгилеген Захарова, Европа Биримдигинин Россияга каршы санкциялык ынтызарлыгы Африка, Азия жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге олуттуу зыян келтиргенине көңүл бурду. 

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр кечээ 200гө жакын адам жана мекеме менен  3 орус банкынын санкция тизмесине кошулушу, кош максатта колдонулуучу продукциялардын экспортуна тыюу салуу жана тоо - кен тармагына инвестиция салууга тыюу салууларды камтыган 9 - санкция пакетин бекитти.

 

 



Тектеш кабарлар