Россияда мунай заводунда өрт чыкты

Иркутск облусунун Ангарск шаарындагы мунай иштетүүчү заводдо өрт чыккан.

1919485
Россияда мунай заводунда өрт чыкты

Россиянын Ангарск шаарындагы мунай заводунда чыккан өрттөн эки адам каза болду.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Иркутск облусунун Ангарск шаарындагы мунай иштетүүчү заводдо өрт чыккан.

Өрт 2000 чарчы метрден ашуун аянтка жайылып,  окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жиберилди.

Алгачкы аныктамалар боюнча өрттүн чыгышына газдын тутанышы себеп болгондугу айтылууда.

Россиянын Тергөө комитетинин билдирүүсүндө өрттөн 2 кишинин каза болгону, 4 кишинин жараланганы белгиленди.

Билдирүүдө окуя боюнча иликтөө иштеринин башталгандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар