Макрон Марокконун улуттук командасын мактады

Макрон Франция-Марокко беттешинен кийин билдирүү жасады.

1919148
Макрон Марокконун улуттук командасын мактады
katar emiri seyh temim bin hamed al sani-macron.jpg
macron katar fransa-fas.jpg

Франциянын президенти Эммануэль Макрон, 2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында ойногон Марокконун улуттук командасын мактады.

Макрон Катардын борбор шаары Дохада Франциянын, Африкадан биринчи жолу дүйнөлүк кубоктун жарым финалында ойногон команда болгон Мароккону 2-0 эсебинде жеңип финалга чыккан беттештен кийин билдирүү жасады.

«Марокколуктарга айткым келет, алар чынында эле мыкты команда. Бул дүйнөлүк чемпионатта жакшы ийгиликке жетишишти» деген Макрон, жарым финалда ойной алган Марокко командасынын уяла турган абалда эместигин айтты.

Француз президенти, Катарда жекшемби күнү Аргентина менен Франциянын финалдык беттешин көрө турганын билдирди.

Бир тараптан Катар Эмирлик кеңешинин билдирүүсүнө караганда, Франция-Марокко жарым финал беттешүүсү үчүн Дохага барган Макрон, оюн ойнолгон «Ал Байт» стадионунда Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Сани менен Катар Эмири жолугушту.



Тектеш кабарлар