Британияда медсестралар иш ташташты

Өлкөдө билим берүү, саламаттыкты сактоо, транспорт, почта кызматтары сыяктуу көптөгөн тармактарда иш таштоонун чоң толкуну жүрүп жатат.

1919474
Британияда медсестралар иш ташташты

 Британияда жүз миңдеген кызматкер иш таштоодо.

Өлкөдө билим берүү, саламаттыкты сактоо, транспорт, почта кызматтары сыяктуу көптөгөн тармактарда иш таштоонун чоң толкуну жүрүп жатат.

Акыркы болуп медсестралар иш ташташты.

Медсестралар 106 жылдан кийин биринчи жолу  жакы эмгек акыны жогорулатуу талабы менен иш таштады.

Бртания, Уэльсте жана Түндүк Ирландияда жүз миңден ашуун медсестра эки күндүк иш таштады.

Бул өлкөнүн тарыхында медайымдардын мындай чоң иш таштоосу биринчи жолу болуп жатат. Медсестралар эмгек акыны 19 процентке жогорулатууну талап кылышты.

Өкмөт болсо бул көрсөткүчтүн көп экендигин билдирди. Иш таштоонун негизинде медсестралар жергиликтүү убакыт боюнча саат 08: 00 – 20 : 00 арасында иштешпейт.



Тектеш кабарлар