Литва чек арадагы өзгөчө кырдаал режимин узартты

Литванын Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, азыркы өзгөчө кырдаал 16-декабрда аяктайт.

1918976
Литва чек арадагы өзгөчө кырдаал режимин узартты

Литванын өкмөтү Беларусь менен Орусиянын Калининград облусундагы чек арасында киргизилген өзгөчө кырдаал режимин 2023-жылдын 16-мартына чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Литванын Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, азыркы өзгөчө кырдаал 16-декабрда аяктайт.

Литванын ички иштер министри Агне Билотайте өзгөчө абалдын узартылышын бекитүү тууралуу билдирүүсүндө бул эки өлкө, өзгөчө Орусия дагы деле Литванын коопсуздугуна коркунуч туудурарын айтты.

Орусиянын Украинага кол салууларын айыптаган Билотайте: "Ал жерде адамзатка каршы кылмыштар жасалып, энергетикалык инфраструктурага кол салуулар күч алууда. Узакка созулган кооптуу жана туруксуз геосаясий кырдаал орус жана белорус бийликтерине Литвага каршы гибриддик чабуулдарды жана ар кандай чагымчылдыктарды жасоого шарт түзүүнү улантууда",-деп айтты.

Билотайте ошондой эле визага уруксат берилген орус жана белорус жарандарына дагы катуу виза режиминин колдонула турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар