Парижде салттуу "Санта Клаус" жарышы
44-жолу уюштурулган иш-чарага 13 миң адам катышты.
1917604
Франциянын борбору Парижде салттуу жаңы жылдык чуркоо болуп өттү.
Аба ырайынын сууктугуна карабай иш-чарага Санта Клаустун кийимин кийген миңдеген адамдар катышты.
44-жолу уюштурулган иш-чарага 13 миң адам катышты.
Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам болбой калган жарыш быйыл чоң кызыгууну жаратты.
Аяз атанын кийимин кийген күлүктөр 10 чакырымдык трассада чуркашты.