Зеленский орус армиясы энергетикалык инфраструктураларына кол салууларын улантып жатканын билдирди

Зеленский түн ичинде өзүнүн Телеграм эсебинен бөлүшкөн күнүмдүк видео кайрылуусу менен элге кайрылып, Орусиянын чабуулдарынан улам Украинада электр жарыгы үзгүлтүккө учурап жатканын айтты.

1917360
Зеленский орус армиясы энергетикалык инфраструктураларына кол салууларын улантып жатканын билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясы Украинанын маанилүү энергетикалык инфраструктураларына кол салууларын улантып жатканын билдирди.

Зеленский түн ичинде өзүнүн Телеграм эсебинен бөлүшкөн күнүмдүк видео кайрылуусу менен элге кайрылып, Орусиянын чабуулдарынан улам Украинада электр жарыгы үзгүлтүккө учурап жатканын айтты.

Орус армиясынын өзгөчө энергетикалык инфраструктураларды бутага алуусун улантып жатканын белгилеген Зеленский, орус күчтөрүнүн Одесса аймагына учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) менен чабуул жасаганын жарыялады.

Зеленский кол салуулардын натыйжасында энергетикалык инфраструктуралар зыянга учураганын белгилеп: «Одесса областында абал абдан оор»,-деди.

Кол салуулардын натыйжасында бүтүндөй аймакта электр энергиясы өчүрүлгөнүн айткан Зеленский:«Учурда Одессада 1,5 миллиондон ашык адам электр жарыгысыз калды»,-деди.

Одесса облусунан баштап көптөгөн аймактарда, өзгөчө борбор калаа Киевде электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын белгилеген Зеленский: «Энергетика объектилерине дээрлик күн сайын сокку урулуп жатат»,-деп айтты.

Украин лидери зыян тарткан энергетикалык объектилерди тез арада оңдоо боюнча кызуу иштер жүрүп жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар