Болгария Украинага курал жардам пакетин бекитти

Парламенттин коргонуу комиссиясынын төрагасы Христо Гацев : "Украина шаарларынын асманын орус учкучсуз учуучу аппараттарына каршы коргоо технологияларын жиберебиз",- деди.

1917232
Болгария Украинага  курал жардам пакетин бекитти

Болгарияда парламент Украинанын Россияга каршылыгын колдоо үчүн бул өлкөгө жасай турган курал жардам пакетин бекитти.

Жөнөтүлө турган куралдардын тизмеси алгач парламенттеги улуттук коопсуздук жана коргонуу комиссияларынын жабык жыйынында талкууланды. Куралдардын түрлөрү купуялуулук шартынан улам билдирилген жок. Украина талап кылган С - 300 ракеталары менен МиГ учактарынын камтылбагандыгы билдирилди.

Парламенттин коргонуу комиссиясынын төрагасы Христо Гацев : "Украина шаарларынын асманын орус учкучсуз учуучу аппараттарына каршы коргоо технологияларын жиберебиз",- деди. 

240 мүчөлүү парламентте жалпы 52 орунга ээ Россия жактоочусу Болгария социалисттик партиясы менен Кайрадан жаралуу партиясынын депутаттары жардамга тоскоол болуу үчүн жабык отурум учурунда залда уюлдук телефондору аркылуу түз эфирден кабарлашты.

Өлкөдө мурдагы коммунисттик партиянын саясий салтын уланткан Болгария социалисттик партиясынын лидери Корнелия Нинова Украинага курал менен жардам берүүнү колдогон башка партияларды “согуш коалициясы” деп мүнөздөдү.

Москванын саясатын жактаган популисттик “Кайра жаралуу” партиясынын лидери Костадин Костадинов Болгариянын НАТО менен Евро Биримдигинен  чыгышын талап кылды.

24 - февралда Россия Украинага согуш жарыялагандан кийин, Россия жактоочусу  президент Румен Радев жана парламентте өзү менен бирдей пикирдеги  саясий күчтөрдүн кысымынан улам Украинанын курал берүү талабы кайра-кайра четке кагылган.

Ноябрдын башында өткөргөн жыйынында парламент позициясын өзгөртүп, Украинанын жана өкмөттүн керектүү жардам пакетин түзүү өтүнүчүнө оң жооп кайтарууну чечкен.

 

 

 



Тектеш кабарлар