Орусиянын Украинанын энергетикалык инфраструктурасына кол салуулары тууралуу...

Путин Кремль сарайында өткөрүлгөн Ата Мекендик Баатырлар күнү программасында медалдар менен сыйланган орус аскерлери менен жолугушту.

1916609
Орусиянын Украинанын энергетикалык инфраструктурасына кол салуулары тууралуу...

Орус президенти Владимир Путин Орусиянын Украинанын энергетикалык инфраструктурасына кол салуулары тууралуу «көп ызы-чуу» болгонун айтты.

Путин Кремль сарайында өткөрүлгөн Ата Мекендик Баатырлар күнү программасында медалдар менен сыйланган орус аскерлери менен жолугушту.

Бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Путин Орусиянын Украинага каршы ракеталык чабуулдарына токтолуп: «Коңшу өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасына биздин чабуулдарыбыз боюнча ызы-чуу көп. Ооба, биз ушундай кылып жатабыз»,-деди.

Кол салууларды Украина армиясынын Орусияга каршы аракеттерине жооп катары баштагандарына көңүл бурган Путин: «Бирок биринчи ким баштады? Крым көпүрөсүнө кимдер кол салды? Курсктагы АЭСтин зымдарын кимдер атты. Донецкке ким суу берген жок? Миллиондогон эл жашаган шаарга суу бербөө геноцид болуп эсептелет. Эч ким бул жөнүндө бир сөз айткан жок. Толук жымжырттык. Биз иш-аракет кылып, жооп катары бир нерсе кылганда, бүт ааламда ызы-чуу болот»,-деп айтты.

Мунун орус армиясынын Украинадагы аскердик максаттарын ишке ашыруусуна тоскоол болбой турганын белгилеген Путин: «Мекен биринчи кезекте эл. Муну биз ар дайым унутпашыбыз керек. Биз элибиз үчүн, анын ишеними үчүн баарын жасайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар