Олаф Шольц орус президенти Путинди сындады

Шольц Гамбургда сөз сүйлөдү.

1914781
Олаф Шольц орус президенти Путинди сындады

Германиянын канцлери Олаф Шольц орус президенти Владимир Путинди "өз өлкөсүн тайгак жолго салганы" үчүн сындады.

Шольц Гамбургда Марион Дөнхофтун эл аралык түшүнүшүү жана ынтымак сыйлыгын орусиялык укук коргоочу Мемориал уюмуна тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө: «Путин Украинага каршы эң оор кылмыштарды жасоого буйрук берип, ошол эле учурда өз өлкөсүн тайгак жолго салып жатат»,- деп билдирди.

Орусиянын президенти Путиндин Украинага каршы согушта үмүтсүз түрдө жолунан адашканын жактаган Шольц: «(Путин) Коргонуусуз карапайым калкка, балдарга, аялдарга, кары-картаңдарга ракета атуу менен ал эл аралык укукту одоно бузуп гана тим болбостон, ойго келбеген моралдык туңгуюкка да алып барууда»,-деди.

24-февралдан бери уланып жаткан согушта Украинанын жеңилбеши керектигин баса белгилеген Шольц, Орусия аскерлерин чыгарып кеткенге чейин Украинага колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын айтты.

Путин менен сүйлөшүүнү толугу менен токтотуунун чоң жаңылыштык болорун жана кайрадан диалог издөөнүн улантылышы керектигин белгилеген Германиянын канцлери: «Сүйлөшүүлөр канчалык узакка созулбасын мен муну улантам», - деди.



Тектеш кабарлар