Украина: "10-13 миң аскерибизди жоготтук"

Подоляк бир телеканалга жасаган билдирүүсүндө украин армиясынын жоготуулары тууралуу маалымат берди.

1913970
Украина: "10-13 миң аскерибизди жоготтук"

Украинанын Президенттик аппаратынын кеңешчиси Михаил Подоляк, 24-февралда Орусия менен башталган согушта 10-13 миң украин аскеринин каза болгонун билдирди.

Подоляк бир телеканалга жасаган билдирүүсүндө, украин армиясынын жоготуулары тууралуу маалымат берди.

Украинанын Башкы штабы жана Президенттигинде жоготууларга байланыштуу болжолдуу көрсөткүчтөрдүн бар экенин белгилеген Подоляк: «Көрсөткүчтөргө караганда 10 менен 13 миңдин ортосунда каза тапкан аскерлер бар»,-деди.

Евробиримдиктин (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен социалдык медиа аккаунтунан Украинада Орусияга каршы жүрүп жаткан согуш тууралуу видео кайрылуусун жарыялап: «Ушул учурга чейин 20 миңден ашуун жайкын тургун жана украин армиясынын 100 миңден ашуун жоокеринин набыт болгону болжолдонууда»,- деген эле.

Украинанын Башкы штабы, фон дер Ляйендин Украинанын жоготуулары тууралуу билдирүүсүн ырастаган эмес.

Андан соң Урсула фон дер Ляйендин видеосунда Украинанын жоготуулары тууралуу бөлүгү алынып салынып кайра жарыяланган.

Украин армиясы курман болгондор боюнча расмий маалымат бере элек.



Тектеш кабарлар