Францияда жабылган электр станциясы кайрадан өндүрүшүн баштады
Сент-Авольд электр станциясынын иши өкмөт тарабынан узартылган болчу.
1912337
Энергетикалык кризиске кабылган Францияда жазында жабылган Сент-Авольд шаарындагы көмүр ишканасында кайрадан электр энергиясы өндүрүлө баштады.
Улуттук басма сөздөгү кабарларга караганда, Мозель провинциясында март айында токтоп калган Сент-Авольддогу көмүр ишканасы электр энергиясын өндүрүүнү кайрадан баштады.
Көптөгөн атомдук станциялардын оңдоо иштеринин себебинен электр өндүрүшү азайган өлкөдө, былтыркы кышта толугу менен жабылышы күтүлгөн Сент-Авольд электр станциясынын иши өкмөт тарабынан узартылган болчу.