Индиядагы кызамык эпидемиясы
Индиялык жетекчилер кызамык эпидемиясына кабылгандардын санынын 233кө жеткенин белгилеп, өткөн жылга салыштырмалуу жуктургандардын 3 эсеге өскөнүн билдиришти.
Индияда кызамык эпидемиясынан быйыл 12 бала каза болду.
Би-Би-Синин кабарына караганда, индиялык жетекчилер кызамык эпидемиясына кабылгандардын санынын 233кө жеткенин белгилеп, өткөн жылга салыштырмалуу жуктургандардын 3 эсеге өскөнүн билдиришти.
Саламаттыкты сактоо кызматкери Мангала Гомаре балдарды көзөмөлгө алып, эмдөө иштерине артыкчылык бериле баштаганын айтты.
Саламаттыкты сактоо кызматкерлери эмдөөгө карата арсар болуунун да эмдөөгө тоскоол экенин баса белгилешсе, ден соолук ыктыярчысы Шрея Салви: "Эмдөөдөн кийин кээ бир балдардын дене табы бираз көтөрүлүп, эмделген жери ооруйт. Андыктан ата-энелер балдарын эмдөөгө уруксат бербей жатышат",-деди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун маалыматы боюнча, 2020-жылы дүйнөдө 23 миллион бала пландуу эмдөө ала албай калган.