Британияда иш таштоо чечими

Британ өкмөтү келерки айда массалык иш таштоону пландап жаткан жумуш берүүчүлөр менен темир жолчулардын ортосундагы келишпестиктин узакка созулгандыгын билдирди.

1911234
Британияда иш таштоо чечими

Британ өкмөтү келерки айда массалык иш таштоону пландап жаткан жумуш берүүчүлөр менен темир жолчулардын ортосундагы келишпестиктин узакка созулгандыгын билдирди.

Британ өкмөтү темир жолчулардын келерки айда жана январдын биринчи жумасында 8 күн иш таштоону пландаштыруусу англис  өкмөтүн тынчсыздандырууда.

Британиянын транспорт министри Марк Харпер бул темага байланыштуу британ телерадиокомпаниясы BBCге берген маалыматында, темир жолчулар менен айлык акынын көтөрүлүшүнө байланыштуу талаш - тартыштын көпкө созулганын, кызматкерлердин экономикалык шарттарга байланыштуу инфляцияга ылайык маяналарын көбөйтүүнүн мүмкүн эместигин айтты.

Жумушчулар профсоюздарына фирмалар менен келишимдери тууралуу жардам берүүнү кабыл алган министр Харпер : «Бул процессте  эки тарапты келишим түзүүгө колдоо, ошол эле учурда маалыматтын эркин агымын камсыз кылуу аркылуу процесстин мүмкүн болушунча тезирээк жүрүшүн камсыз кылуу үчүн менин ролум бар экенин моюнга аламын»,- деди.

Учурда Британияда болжол менен 40 миң темир жолчу 13 – 14 - декабрда, 16 – 17 - декабрда, 3 – 4 - январда жана 6 – 7 - январда ар бири 48 саат болуу  4 жолу иш таштоону пландаштырууда.

Британияда инфляция, өзгөчө энергетика жана азык-түлүк бааларынын  өсүшүн улантып, октябрь айында жылдык базада 11,1 пайыз менен акыркы 41 жылдын эң жогорку деңгээлине жетти.



Тектеш кабарлар