АКШда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын 39 жылдыгы белгиленди

Аземге Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу, Нью-Йорктогу башкы консулу Рейхан Өзгүр, чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, ТКТР жана түрк коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

1909332
АКШда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын 39 жылдыгы белгиленди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) 39 жылдыгы Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарындагы Түркевинде (Түрк үйү) өткөрүлгөн азем менен белгиленди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Нью-Йорк өкүлү Мехмет Дана бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Кипрдеги жалгыз аракетибиз тынчтыкта ​​жана коопсуздукта жашоо үчүн эгемендүүлүгүбүздүн урматталышы»,-деди.

Кипр түрктөрүнүн эркине мындан ары көз жумуп коюунун мүмкүн эмес экенин белгилеген Дана, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эл аралык коомчулукта татыктуу ордун жакын арада ала турганына ишенгенин билдирди.

Кипрдик түрктөргө карата жасалган мыйзамсыз жана адамгерчиликсиз изоляцияга карабастан быйыл Түндүк Кипр Түрк Республикасына болжол менен 2 миллион кишинин келиши күтүлгөнүн белгилеген Дана, 140 өлкөдөн 100 миң студенттин болсо Түндүк Кипр Түрк Республикасында билим алып жатканын түшүндүрдү.

Мехмет Дана Кипр түрк элин жаркын келечек күтүп турганын айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасы тарабынан уюштурулган аземге Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу, Нью-Йорктогу башкы консулу Рейхан Өзгүр, чет элдик дипломатиялык миссия өкүлдөрү, ТКТР жана түрк коомчулугунун өкүлдөрү катышты.



Тектеш кабарлар