Швециянын терроризмге каршы мыйзам долбоору кабыл алынды

Конституцияга киргизилген өзгөртүүдө терроризмге тиешеси бар топтордун биригүү эркиндиги жана демонстрацияга чыгууга уруксаты чектелүү болгону менен, жаңы мыйзамдардын кабыл алынышына жол ачары белгиленген.

1907253
Швециянын терроризмге каршы мыйзам долбоору кабыл алынды

Швеция парламенти жактырган антитеррордук мыйзамдарды катаалдаткан конституциялык өзгөртүү 2023-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Парламентте өткөн добуш берүүдө 270 депутат «макул», 37 депутат «каршы» деп добуш берди. Солчул партия менен Жашылдар партиясы каршы чыккан конституциялык өзгөртүүгө 42 киши катышкан жок.

Конституцияга киргизилген өзгөртүүдө терроризмге тиешеси бар топтордун биригүү эркиндиги жана демонстрацияга чыгууга уруксаты чектелүү болгону менен, жаңы мыйзамдардын кабыл алынышына жол ачары белгиленген.

Түзөтүүдө Швециянын башка мамлекет же эл аралык уюм менен болгон карым-катнашына доо кетирген маалыматтарды жарыялагандар Швециянын чалгындоо мекемеси тарабынан 4 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн деген шек менен иликтене турганы белгиленди.

Швеция медиасына жасаган билдирүүсүндө адистер, жаңы конституциялык өзгөртүүнүн жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ мүчөлөрүнө карата кылмыш иштерин козгоону жеңилдетүүгө жол ачканына токтолушту.

Конституциялык өзгөртүү 2023-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.



Тектеш кабарлар