БУУнун өкүлдөрү менен орус делегациясы дан жана жер семирткич тууралуу сүйлөштү

БУУнун Женева кеңсесинин басма сөз катчысы Алессандра Веллуччи жыйын туралуу маалымат берди.

1905543
БУУнун  өкүлдөрү менен орус делегациясы дан жана жер семирткич тууралуу сүйлөштү

БУУнун өкүлдөрү менен Россия делегациясы дан жана жер семирткич экспортунун тоскоолдуксуз алдыга жылышы, глобалдык азык  - түлүк кризисинин чечилиши үчүн кол коюлган дан ташуу келишиминин жаңыланышын сүйлөшүү үчүн жолугушту.

Швейцарияда БУУнун Женева кеңсесинде массалык маалымат каражаттарына жабык өткөн жолугушууга БУУнун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын (UNCTAD) баш катчысы Ребека Гринспан, гуманитардык маселелер боюнча башкы катчынын орун басары Мартин Гриффитс жана Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин жетектеген жогорку деңгээлдеги орус делегациясы катышты.

БУУнун Женева кеңсесинин басма сөз катчысы Алессандра Веллуччи жыйын туралуу билдирүүсүндө жолугушуудан Россиядан азык  - түлүк жана жер семирткичтердин эч тоскоолдуксуз дүйнө базарларына экспорттолушун жеңилдетүү боюнча жетишилген прогресстин улантылышына ишенерин билдирди.

Велуччи БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррештин глобалдык азык - түлүк кризисинин чечилиши үчүн 22 - июлда Стамбулда кол коюлган дан ташуу келишиминин толук аткарылышын колдой турганын жана бул темадагы кеңешмелердин улана тургандыгын айтты.

Дүйнөлүк азык  - түлүк кризисинин чечилиши үчүн Түркиянын координациясында жүргүзүлгөн дан ташуу келишимине 22 -  июлда Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Украина, Россия, Түркия жана БУУнун ортосунда кол коюлган.



Тектеш кабарлар