Норвегиялык террор адиси : "Швеция террористтер үчүн баш калкалоочу жер болду"

Манугс Рансторп 28 -  июнда НАТОнун Мадрид саммитинде кол коюлган үч тараптуу меморандумга баа берди.

1904908
Норвегиялык  террор адиси : "Швеция террористтер үчүн  баш калкалоочу жер болду"

Норвегиянын коргоо университетинин террор боюнча адиси Манугс Рансторп : «Швеция террористтер үчүн 30 жылдан бери баш калкалоочу жер болду»,- деди.

Рансторп Швециянын «Aftonbladet» гезитине Түркия, Финляндия жана Швеция тарабынан 28 -  июнда НАТОнун Мадрид саммитинде кол коюлган үч тараптуу меморандумга баа берди.

Рансторп 30 жылдан бери терроризм боюнча эксперт экенин белгилеп : «Бул процессте Швеция  террористтер үчүн баш калкалоочу жер болду. Террористтер үчүн пайдалуу болду. Акча  табышты, иштерин жүргүзүштү. Түркия көптөгөн жолу  Швециянын жерлеринде террористтер менен күрөштө так болушун талап кылды. Түркиянын бул тууралуу тууралык жагы бар»,- деди.

Түркиянын Европадагы террордук  кыймылдарга нааразычылык билдирүүсүнүн да туура экендигин айткан Рансторп Түркиянын Швеция сыяктуу бир нече Европа өлкөсүндө террордук топтордун иштерине нааразычылык билдирүүсүндө туура экендигине да  көңүлдөрдү бурду.

Рансторп : «Террордук уюмуна кошулуунун кылмыш деп эсептелиши үчүн мыйзам жактан каралышы убакытты алат, чара көрүүдө кеч болду»,- деди.



Тектеш кабарлар