Францияда куш тумоосу

Өлкөдө былтыр ноябрдан майга чейин созулган куш тумоосунун эпидемиясында 21 миллиондон ашык үй канаттуулары жок кылынган.

1904769
Францияда куш тумоосу

Францияда куш тумоосу эпидемиясынын коркунучу орто деңгээлден кийинки деңгээлге көтөрүлдү.

Француз басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, эпидемиянын күчөшүнө байланыштуу үй канаттууларынын негизги борбору Бретония, Пэйс-де-Луар жана Дейс-Севрес аймактарынан кийин өлкө боюнча канаттууларга карантин жарыяланды.

Жетекчилер октябрь айынын башында эпидемия коркунучун "башталгычтан" "орто" деңгээлге көтөрсө, канаттуулардын көчүү мезгилине кирген күздүн башталышы жана абанын температурасынын төмөндөшү менен эпидемия "жогорку" деңгээлге көтөрүлдү.

Жетекчилер дыйкандардын оор абалда калганын, жумуртка өндүрүүнүн олуттуу кыскарганын айтышты.

Өлкөдө былтыр ноябрдан майга чейин созулган куш тумоосунун эпидемиясында 21 миллиондон ашык үй канаттуулары жок кылынган.



Тектеш кабарлар