Путин менен Пашинян жолугушту

Путин Сочи шаарындагы жолугушуудан мурда сүйлөгөн сөзүндө Азербайжан-Армения чек арасында жана Карабахтын айланасында болуп жаткан окуяларды көргөндөрүн айтты.

1900128
Путин менен Пашинян жолугушту

Орусиянын президенти Владимир Путин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

Путин Сочи шаарындагы жолугушуудан мурда сүйлөгөн сөзүндө Азербайжан-Армения чек арасында жана Карабахтын айланасында болуп жаткан окуяларды көргөндөрүн айтты.

Проблеманын ондогон жылдардан бери уланып келе жатканын жана анын чечилиши керектигин баса белгилеген Путин Пашинянга: «Бул үчүн сиздин саясий эркиңиз бар экенин билем жана биз муну ар тараптан колдойбуз. Сиз менен азыр жана кийинчерээк үч тараптуу форматтагы жолугушуубузда алдыга жылууга мүмкүндүк бере турган негизги пункттарды табышыбыз керек»,-деди.

Куралдуу кагылышууларды токтотуу процессинде Орусия, Азербайжан жана Армениянын биргелешкен декларациясы менен келишимге жетишкендерин эске салган Путин:«Биз бардыгыбыз эң негизгиси, анын ичинде Армениянын экономикасын өнүктүрүү – тынчтыкты сактоо жана өнүгүү үчүн шарттарды түзүү дегенден баштадык. Ошол себептен транспорттук инфраструктурадагы тоскоолдуктарды жоюу, жаңы каттамдарды түзүү, экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө байланышкан бардык маселелердин үстүндө иштеп жатабыз»,-деди.

Армениянын премьер-министри Пашинян Путин Валдайдагы жолугушууда армян тараптын пайдасына принциптерди тандоону колдой турганын айтканын эске салып: «Тоолуу Карабах маселеси боюнча, Армения менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди орнотуунун негизги принциптери жана параметрлери боюнча россиялык долбоор тарабынан сунушталган ыкмалар биз үчүн алгылыктуу»,-деп айтты.

Орусиянын сунуштарынын Прагада жетишилген келишимдерге карама-каршы келбегенин баса белгилеген Пашинян, Путиндин Прага сүйлөшүүлөрүндө Карабах боюнча ачык билдирүүлөрү ага жол көрсөткөнүн айтты.

Армениянын аймактык байланыштарды ачууга ар дайым даяр экенин белгилеген Пашинян, Армениянын аймагындагы транспорттук байланыштар толугу менен алар тарабынан көзөмөлдөнүшү жана армян мыйзамдарына ылайык иштетилиши керек деп баалады. Пашинян Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) чек ара кызматтары келишимдерди көзөмөлдөөнү камсыз кылышы керек деп билдирди.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы туткун алмашуу темасынын маанилүүлүгүнө көңүл бурган Пашинян, Орусия-Азербайжан-Армения үч тараптуу жолугушуусунан кийин орток билдирүү жасала турганын айтты.



Тектеш кабарлар