Индонезияда дарылык сироптун айынан 157 бала каза болду
Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Мухаммед Сяхрил Мансюр 27 облуста 269 курч бөйрөк жаракатынын катталгандыгын жана жылдын башынан бери 157 баланын каза болгондугун айтты.
1898857
Индонезияда айрым дарылык сироптордун курамындагы зыяндуу заттардын бөйрөккө алып келген залакасынан улам бул жылы каза болгон балдардын саны 157ге жеткендиги билдирилди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Мухаммед Сяхрил Мансюр 27 облуста 269 курч бөйрөк жаракатынын катталгандыгын жана жылдын башынан бери 157 баланын каза болгондугун айтты. Мансюр 73 бейтаптын дарыланып жаткандыгын жана 39 кишинин да айыккандыгын билдирди.