Африкада жакырдык жана климаттык алмашуу

Африканын чыгышы менен түштүгүндө 150 миллиондон ашуун баланын жакырдык жана климаттык алмашуунун тескери таасири менен чоңоюп жаткандыгы билдирилди.

1899116
Африкада жакырдык жана климаттык алмашуу

Африканын чыгышы менен түштүгүндө 150 миллиондон ашуун баланын жакырдык жана климаттык алмашуунун тескери таасири менен чоңоюп жаткандыгы билдирилди. 

Балдарды куткаргыла  фонду даярдаган акыркы отчетко караганда континеттеги 150 миллиондон ашуун бала күч алып жаткан жакырдык менен бирге таасири күн өткөн сайын дагы көп сезилгенклиматтык алмашуунун арасында калды. Отчетто түштүк судандык балдардын 87 пайызы эки коркутуу менен эң көп кездешкен муун экендиги айтылып,  бул өлкөдөн кийин 80 пайыз менен Мозамбик жана 73 пайыз менен Мадагаскар келди. 

Кенияда 16,3 миллион баланын эки көйгөдүн  терс таасирлери менен жашап жатканы белгиленди.

Отчетто климаттын өзгөрүшүнө жана теңсиздикке каршы шашылыш чара көрүлбөсө, миллиондогон адамдардын кийинки сел же кургакчылык сыяктуу апааттарга каршы алсыз болоору баса белгиленди.

Континенттин чыгышында жана түштүгүндө кээ бир аймактар ​​катуу кургакчылык менен күрөшүп,  кээ бир аймактарда нөшөрлөгөн жаандан улам сел кырсыктары болууда.

Экономикасы сыртка көз каранды Африка өлкөлөрү азык-түлүк бааларынын глобалдык өсүшүнөн улам келип чыккан экономикалык кризистен эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн арасында.

 

 



Тектеш кабарлар