Евробиримдиктин 4 өлкөсүнөн Палестина чакырыгы...

Европа Биримдигинин (ЕБ) алдыңкы 4 өлкөсүнүн Палестина боюнча биргелешкен билдирүүсү жарыяланды.

1898387
Евробиримдиктин 4 өлкөсүнөн Палестина чакырыгы...

Германия, Франция, Италия жана Испаниянын тышкы иштер министрликтери Палестинанын оккупацияланган аймактарында уланып жаткан кагылышуунун күчөшүн токтотуу өтө маанилүү экенин айтышты.

Европа Биримдигинин (ЕБ) алдыңкы 4 өлкөсүнүн биргелешкен билдирүүсүндө үстүбүздөгү жылы оккупацияланган аймактарда болгон окуяларда эң аз 120 палестиналык жана 20 израилдиктин каза болгонун жана көп сандаган кишинин жараланганы эске салынып, «Биз басып алынган Палестина аймактарында, анын ичинде Чыгыш Кудста уланып жаткан чыңалууну абдан тынчсыздандыруучу деп эсептейбиз»,деген баалоо камтылган.

Аймакта зордук-зомбулуктун күчөшү «өтө тынчсыздануу менен белгиленди» деп айтылган билдирүүдө, «Ушул кырдаалды эске алуу менен, чыр-чатактын курчушун токтотуу өтө маанилүү. Андыктан биз бардык тараптардан чыңалууну басаңдатуу жана тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн ар кандай чагымчыл аракеттерден жана бир тараптуу аракеттерден алыс болуусун талап кылабыз»,делди.

Билдирүүдө Израилдин куралдуу кол салуулардан коргонуу укугу бар экени, бирок муну менен эл аралык укуктун негиздерин жана адам укуктарын урматтоосу, А аймагында Палестинанын коопсуздук көзөмөлүн жеңилдетүү жана коопсуздуктун эффективдүү координациясын калыбына келтирүүсү керектиги белгиленди.

Биргелешкен билдирүүдө мындай деп белгиленет: «Учурдагы чыңалуулар бизге, израилдиктерге жана палестиналыктарга коопсуздук жана тынчтыкта ​​жашоону түбөлүк кепилдей турган эки мамлекеттүү чечимди ишке ашыруу үчүн саясий перспективаны тез арада жандандыруу зарылдыгын эскертет».



Тектеш кабарлар