Мерседес Россиянын базарынан чыгып жатат

Россияда мындан мурда Renault жана Nissan компанияларынын активдери орус өкмөтүнө өткөрүлүп берилген.

1897961
Мерседес Россиянын базарынан чыгып жатат

Немис Mercedes-Benz автоунаа компаниясы орус рыногунан толугу менен чыгууда.

Россиянын Өнөр жай жана соода министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Mercedes-Benz менен фирманын Россиядагы бардык мүлктөрүн орусиялык Автодом фирмасына өткөрүп берүү боюнча келишимге кол коюлганы белгиленди.

Мерседес Россиядагы өндүрүшүн март айында токтоткон.

Баш кеңсеси Россияда болгон Европа Ишкерлер Ассоциациясынын  маалыматына караганда, өлкөдө Мерседес маркасындагы унаа сатуу сентябрь айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 72,8 пайызга азайган.

Россияда мындан мурда Renault жана Nissan компанияларынын активдери орус өкмөтүнө өткөрүлүп берилген.



Тектеш кабарлар