Францияда парацетамолду камтыган дарыларды сатууну кыскартуу чакырыгы

Июль айынан бери парацетамолду камтыган дары-дармектердин жеткирилишинде кыйынчылыктар жаралууда.

1895795
Францияда парацетамолду камтыган дарыларды сатууну кыскартуу чакырыгы

Францияда ооруну басаңдатуучу жана антипиретик катары колдонулган курамында парацетамол бар дарыларды сатууну кыскартуу чакырыгы жасалды.

Француз басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, июль айынан бери парацетамолду камтыган дары-дармектердин жеткирилишинде кыйынчылыктар жаралууда.

Дары-дармек боюнча улуттук агенттик (ANSM) дары-дармектерди үзгүлтүккө учуратпоо үчүн фармацевттерге, дарыгерлерге жана бейтаптарга курамында парацетамол бар дары-дармектерди колдонуу жана сатуу боюнча кеңештерди камтыган билдирүү жарыялады.

Билдирүүдө жарандардан аталган дары-дармектерди запастабоо сунушталды.

Бул дары-дармектер рецептсиз алынган учурда 2 кутуга чектөө сунушталды.

Фармацевттер бейтаптарга жазылгандан парацетамолду азыраак камтыган дарыларды белгилүү эрежелердин алкагында бере алаары айтылды.

Билдирүүдө дарыгерлерден курамында парацетамол бар дарыларды шашылыш муктаждыгы жок бейтаптарга жазып бербөө талап кылынды. Мындан тышкары, дарыгерлерге аталган дарыларды керектүү учурда 4 жолу эмес, күнүнө 3 жолу жазып берүү сунушталды.



Тектеш кабарлар