Британияда куш тумоосу

Британияда жапайы канаттууларда жана коммерциялык мекемелерде куш тумоосунун көбөйүшүнөн улам коркунучту азайтуу үчүн жалпы өлкөдө «Куш тумоосун алдын алуу зонасы» жарыяланды.

1894406
Британияда куш тумоосу

Британияда жапайы канаттууларда жана коммерциялык мекемелерде куш тумоосунун көбөйүшүнөн улам коркунучту азайтуу үчүн жалпы өлкөдө «Куш тумоосун алдын алуу зонасы» жарыяланды.

Экологияны коргоо, тамак-аш жана айыл чарба министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө "алдын алуу зонасы" жарыяланышы менен өлкөдөгү бардык канаттуулар жана канаттууларды багуучулардын канаттууларды куш тумоосу коркунучунан коргоо үчүн биологиялык коопсуздук чараларын сактоо үчүн мыйзамдуу милдети болоору белгиленди.

2021 – жылдын октябрь айынын акырынан бери аныкталган 190 учур менен «Британиянын ушул кезге чейинки эң чоң куш тумоосу эпидемиясы менен» бетме  - бет келишинен кийин жасалгандыгы баса белгиленген билдирүүдө, фермаларда жогорку деңгээлде биологиялык коопсуздук чаралардын ишке ашырылышынын, тумоонун жайылуу коркунучун азайтууда «эң таасирдүү жол» болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө өзгөчө Британиянын чыгышынын үй канаттуулары жана башка канаттууларда чыккан эпидемиядан таасирленгендигине көңүл бурулуп, өлкөнүн бир нече жеринде жапайы куштарда эпидемиянын байкалгандыгы билдирилди.

Өткөн жылы өзгөчө деңгээлге жеткен куш тумоосу эпидемиясынан улам өлкөдө он миңдеген канаттуу жок кылынган.

2021 - жылдын 3 - ноябрында  Британиянын кээ бир аймактары "Куш тумоосун алдын алуу зонасы" деп жарыяланып, бул жарыя 29-ноябрда кайра узартылган. Бардык ферма ээлерине канаттууларын ичкериде кармоо керектиги боюнча эскерткен.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар