Орбандан "Түрк агымы" билдирүүсү

Премьер-министр Орбан апталык сөз сүйлөөсүндө билдирүү жасады.

1893105
Орбандан "Түрк агымы" билдирүүсү

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан орус жаратылыш газын Түркияга жана Түркия аркылуу Европага жеткирген «Түрк агымы» жаратылыш газ түтүк жолуна жасалган ар кандай кол салууну террордук кол салуу катары эсептей тургандарын жана ошого жараша чара көрүшөрүн билдирди.

Премьер-министр Орбан, Венгриянын мамлекеттик Коссут радиосунда апталык сөз сүйлөөсүндө, «Түндүк агым» жаратылыш газ куурунун жардырылганын жана мунун террордук кол салуу экенин белгилеп: «Бул окуяга кайсы бир мамлекеттин колу бар болсо, анда ал террористтик мамлекет болуп саналат», - деди.

Орбан, «Түндүк агым» жаратылыш газ кууруна жасалган кол салуудан кийин орус газынын «Түрк агымы» аркылуу Венгрияга жеткирилип жатканын, бул линиянын жардырылышы же иштен чыгарылышына карата аракетти өлкөсүнүн террордук кол салуу катары кабыл алып, ошого жараша чара көрөрүн айтты.

Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согушта ок атышпоо жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн тез арада башталышы керектигин да белгилеген Орбан, согуш уланып Батыш да буга санкциялар менен жооп кайтара берсе инфляция жана энергия баасынын төмөндөбөй турганын билдирди.  



Тектеш кабарлар