"Орус күчтөрү Николаевди аткылады"
Украинанын Николаев шаарына орус күчтөрү тарабынан С - 300 абадан коргонуу системаларынан атылган ракеталар менен кол салуу болгондугу, кулаган үйдүн урандысында издөө - куткаруу иштеринин башталгандыгы билдирилди.

Николаев облусунун губернатору Виталий Ким Telegramдан берген билдирүүсүндө орус күчтөрү эртең менен С - 300 системаларынан атылган 8 ракета менен Николаевге кол салганын билдирди.Бир үйдүн кыйрагандыгын билдирген Ким 6 сааттык иштин натыйжасында урандылардын астынан 11 жаштагы баланын чыгарылганын, дагы 7 кишини издөө иштери уланып жатканын маалымдады. Ошол эле учурда Украина Коргоо министрлигинен берилген маалыматта акыркы бир күндө Россия куралдуу күчтөрүнө таандык 6 аскердик тик учактардын Украина күчтөрү тарабынан атылгандыгы белгиленди.
Министрлик бир гана 18 минутанын ичинде 4 орус тик учагын жардыргандарын жарыялады. Маалыматта орус күчтөрүнүн акыркы 24 саатта Украинанын түрдүү аймактарына 3 ракета жана 21 абадан кол салуу жасагандыгын билдирди. Орус аскерлери 24 - февралда Украинага кол сала баштаган.