Стефан Дужаррик кечээ Украинага жасалган жана 11 киши каза болгон ракеталык кол салууга баа берди

Украинага жасалган кол салууга карата карщы чыгуулар улантылууда.

1891280
Стефан Дужаррик кечээ Украинага жасалган жана 11 киши каза болгон ракеталык кол салууга баа берди

Антонио Гутерриштин Россиянын Украинага карата жаңы ракеталык кол салууларына карата «терең шок» жашагандыгы билдирилди.

БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дужаррик кечээ Украинага жасалган жана 11 киши каза болгон ракеталык кол салууга баа берди.

Катчы Дужаррик башкы катчы Гуттериштин отурукташуу аянттары зыян тарткан жана жарандык жоготуулар болгон ракеталык кол салуулардан улам «терең шок» жашагандыгын белгиледи. «Согушту күчөтүүгө карата» кол салуулардын «кабыл алынгыс» экендигин айткан Дужаррик «ар дайым болгондой чоң кыйынчылыкты жарандардын тарткандыгын» айтты.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын катчысы Равина Шамдасани болсо : "8 аймакта 12 энергетика станциясы жана ондогон жарандык отурукташуу имаратынын бутага алынышынан тынчсыздануудабыз. Жакындап келе жаткан кыштан мурда турмуштук мааниге ээ күч станцияларынын зыян тартышы коргоосуз жарандарга тескери таасир тийгизет",- деди. 

Шамдасани жарандарга кол салуунун эл аралык адам укуктары мыйзамына терс экендигин эске салып Россияга  "дагы көп чыңалуудан алыс болуу" жана "жарандар менен жарандык структуралардын зыян тартуусун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүүгө" чакырды. 

АКШнын президенти Жо Байден да жазуу түрүндөгү маалыматта : «АКШ Россиянын Киев жана Украинанын бир топ жерине жасаган ракеталык кол салууларын катуу айыптайт»,- деди.

Бул кол салууларда жарандардын жаракат алгандыгын, каза болгондугунажана аскердик эмес буталардын атылгандыгын белгилеген Байден : «Бул кол салуулар Путиндин Украина калкына карата мыйзамсыз согушунун канчалык ырайымсыз экендигин дагы бир жолу көрсөттү»,- деди.

Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте социалдык медиа аркылуу: «Бул өч алуу эмес, терроризм»,- деди.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок да социалдык медиа аркылуу билдирүү жасап, Россиянын президенти Владимир Путиндин чоң шаарларды жана жарандарды ракета менен атышын «жек көрүүчү» жана «кабыл алынгыс» деп мүнөздөп : «Украинанын абадан коргонуусун бекемдөө үчүн бардык нерсени аткарып жатабыз»,- деди.

Израилдин премьер-министри Яир Лапид да социалдык медиа аркылуу : "Мен Россиянын Киев жана Украинанын башка шаарларындагы карапайым калкка жасаган ракеталык чабуулун катуу айыптайм. Каза болгондордун жакындарына жана Украина элине көңүл айтам", - деп билдирди.



Тектеш кабарлар